Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 1-ноябры № 61
Мундуз айылына кичи футбол аянтчасынын долбоору жөнүндө
Республикалык үлүштүк грантка Мундуз айылына Кичи футбол аянтчасын куруу долбоорун жиберүү боюнча айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1.Мундуз айылына Кичи футбол аянтчасын куруу көйгөйү артыкчылыктуу көйгөй деп аныкталсын жана Республикалык үлүштүк грантка долбоорду жазып жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Алиевке милдеттендирилсин.
2.Республикалык үлүштүк грантка Мундуз айылына “Кичи футбол аянтчасын куруу долбоорунун” жалпы сметалык баасы 41198,053 (төрт млн. бир миң бир жүз токсон сегиз миң) сом болгондуктан кошумча салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1500,900 (бир млн. беш жуз миң тогуз жүз) сом акча каражаты каралсын.
3.Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Алиевке, бюджет комитетинини төрагасы А.Баямановго жана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтер А.Имангазиевага милдетендирилсин.
Төрага | А.Тыныбеков |