Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз V cессиясы
2019-жылдын 26-декабры № V-2
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Таш-Дөбө айыл өкмөт аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Саткынова Рита Калпабековнага бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Мусаев |