Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын кезектүү сессиясы
2022-жылдын 1-ноябры № 62
Мундуз айылына айыл чарба техникаларын токтотууга Гараж куруу долбоору жөнүндө
Республикалык үлүштүк грантка Мундуз айылына Гараж куруу долбоорун жиберүү боюнча айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1.Мундуз айылына Гараж куруу көйгөйү артыкчылыктуу көйгөй деп аныкталсын жана Республикалык үлүштүк грантка долбоорду жазып жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Алиевке милдеттендирилсин.
2.Республикалык үлүштүк грантка Мундуз айылына “Гараж куруу долбоорунун” жалпы сметалык баасы 5351182 (беш млн,үз жүз элүү бир мин бир жүз сексен эки) сом болгондуктан кошумча салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2351182(эки млн, үз жүз элүү бир мин бир жүз сексен эки) сом акча каражаты каралсын.
3.Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Алиевке, бюджет комитетинини төрагасы А.Баямановго жана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтер А.Имангазиевага милдетендирилсин.
Төрага | А.Тыныбеков |