Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-8
“Усенов Токтонбекти “Кыргыз Республикасынынэмгек сиңирген мугалими” наамына сунуштоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин негиздеп, эл агартуунун мыктысы, спорттун чебери, Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын мыктысы, ардагер мугалим Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Усенов Токтонбекти “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамына сунуштаган Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин 10-май 2024-жылдагы протоколунун негизинде, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылындагы №31 Ы. Чанаков атындагы орто мектебинде үзүрлүү эмгектенген, эл агартуунун мыктысы, спорттун чебери Усенов Токтонбек “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамына сунушталсын.
2. Жогорудагы жаранды Сузак райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. .
Төрага: | Т.Джороев |