Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЗ-УЧУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Боз-Учук айылдык кенешинин 28 чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

 

2023-жылдын 26-январы № 5

2023–жылга карата Боз-Учук айыл ɵкмɵтүнүн бюджетин

бекитүү жɵнүндɵ

 

        2023–жылга карата Боз-Учук айыл ɵкмɵтүнүн бюджетин бекитүү жɵнүндɵ, Боз-Учук айылдык кенеши           Жылтырова Динаранын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана  «2023-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети жɵнүндɵ» мыйзамын жетекчиликке алып Боз-Учук айылдык Кенеши токтом кылат:

1.2023-жылга карата кирешелер жана чыгымдар боюнча бюджети 16898,3 мин сом ɵлчɵмүндɵ № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү бюджеттен 2023-жылы каржылануучу чыгымдардын кɵлɵмү 8709,3 мин сом ɵлчɵмүндɵ № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген кɵлɵмдɵрү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. 2023-жылга айыл ɵкмɵтүнүн чыгымдары тɵмɵндɵгүдɵй бекитилсин:

Айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинде  каралган  киреше жана чыгашаларды мыйзамдуу түрдɵ толук аткаруу үчүн багытталган иш чараларды ишке ашыруу милдеттендирилсин.

2023-жылы бюджетке түшкɵн кирешелердин кɵлɵмүндɵ, биринчи кезекте эмгек акы тɵлɵɵгɵ, социалдык фонд тɵлɵмдɵрүн чегерүүгɵ жумшалсын.

5. Токтомдун аткарылышын  кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵтүнɵ жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктɵлсүн.

 

Төрага

 

Б. Термечиков