Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЗ-УЧУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Боз-Учук айылдык кенешинин 28 чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

 

2023-жылдын 26-январы № 8

 Боз-Учук айыл аймагында  көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежесин бекитүү жөнүндө 

 

 

          Боз-Учук айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Э.Орозбаковдун билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305

“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө Кодексине “Ɵндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө мыйзамдарынын негизинде  Боз-Учук айылдык Кенеши  токтом кылат

1. Боз-Учук айыл аймагында көрктөндүрүү, жакшылдандыруу тазалыкты сактоо боюнча эрежелери (мындан ары - эрежелери) бекитилсин.(тиркелет)

2. Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн иш алып баруу жоопкерчилиги милдентендирилсин.

3. Бул токтом МКК жарыялагандан кийин  Ысык-Көл облустук юстиция  башкармалыгына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук коргоо жана депутаттык этика боюнча    туруктуу комиссияга    жана токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б. Термечиков