Редакцияот 27.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Алга айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы

 

 

2021-жылдын 27-февралы  № 104

 

Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 8-февраль айындагы №31-б сандуу буйругунун негизинде жана Алга айыл өкмөтүнүн №4 сандуу Токтомунун негизинде “Алга айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү максатында Алга айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алга айыл аймагынын 2021-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.

2. “2021-2023-жылдарга Алга айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында” каралгшан иш чаралар планы жактырылсын.

3. Алга айыл аймагынын 2021-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш чараларды экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана ажыратылган иштерди айылдык кеңештин сессияларында кароо жагы бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алга айылдык Кеңшинин экономикалык, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Алга айылдык кенешинин төрагасы:

Ш. Акбаров