УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XX сессиясы
2023-жылдын 3-марты № 128
Улахол айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылга карата стратегиялык өнүгүүсүнүн иш чаралар планын бекитүү жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылга карата стратегиялык өнүгүүсүнүн иш чаралар планын бекитүү боюнча М.Бейшеевдин билдирүүсүн жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылга карата стратегиялык өнүгүүсүнүн иш чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Улахол айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылга карата стратегиялык өнүгүүсүнүн иш чаралар планын кынтыксыз аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-мартындагы №128 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Жолалиев |