Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги II cессиясы
2020-жылдын 17-февралы № II-1
2018-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитүү, 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо, Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин бекитүү, бюджеттин 2021-2022-ж.ж. карата долбоорун кабыл алуу маселелери жөнүндө
2018-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитүү, 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо, Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин бекитүү, бюджеттин 2021-2022-ж.ж. карата долбоорун кабыл алуу маселелери боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана эске алып, Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга киреше боюнча аткарылышы 6522,1 миң сом, чыгашалар боюнча аткарылышы 5610,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2020-жылга Таш-Дөбө айылынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 5587,4 миң сом анын ичинен; кирешеси 1295,1 миң сом, теңдештирме гранты 4292,3 миң сомго бекитилсин.
3. 2020-жылга Таш-Дөбө айылынын чыгашалар бөлүгү 5587,4 миң сом анын ичинен; эмгек акыга 3180,4 миң сом, соцфондго 481,8 миң сом, командировкалык чыгымга 140,0 миң сом, байланыш кызмат көрсөтүүсүнө 25,7 миң сом, транспорттук чыгымга 113,0 миң сом, ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга 499,3 миң сом, мүлктү учурдагы оңдоо чыгымына 60,0 миң сом, учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алууга 290,2 миң сом, таш көмүрдү сатып алууга 339,8 миң сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 50,0 миң сом, жеңилдиктердин ордуна компенсациялар жана калкка жеңилдиктерге 50,0 миң сом, резервдик фондко 55,9 миң сом, имарат жана курулмаларга 164,0 миң сом жана атайын каражаттан ар кандай чыгымга 137,3 миң сомго бекитилсин.
4. Салыктар көлөмү 1295,1 миң сомго бекитилсин анын ичинен; киреше салыгы 546,0 миң сом, патенттик негизде 57,0 миң сом, кыймылсыз мүлккө алынуучу салык ( 2 группадагы жеке ишкерлерден) –12,3 миң сом, транспорттук каражаттарга төлөнүүчү салык 120,0 миң сом, огородко берилген жер тилкелерине төлөнүүчү жер салыгы 58,7 миң сом, айыл чарба жерлерин колдонууга төлөнүүчү жер салыгы 182,9 миң сом, жер салыгы (калктуу конуштарда жана айыл чарба эмес жерлери үчүн) –6,1 миң сом, сатуудан түшкөн салык 4,0 мин сом, жайыт жерлерин колдонууга төлөм -90,0 миң сом, ФПС жерлеринен алынуучу ижара төлөмү 80,8 миң сом, атайын каражатка кызмат көрсөтүүдөн төлөнө турган кирешеге 137,3 мин сом.
5. 2021жылдын бюджетинин киреше долбоору 5549,9 миң сом анын ичинен; кирешеси 1431, миң сом, теңдештирме гранты 4118,8 миң сом чыгашасы 5549,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2022-жылдын бюджетинин киреше долбоору 5598,6 миң сом анын ичинен: кирешеси 1474,1 миң сом, теңдештирме гранты 4124,5 миң сом, чыгашасы 5598,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Таш-Дөбө айыл өкмөтүндө бюджеттик эмгек акыга, соцфондко, командировкалык чыгымдарга, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө, транспорттук чыгымдарга жана башка ар кандай чыгымдарга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарды лимиттен ашпай иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
8. Биринчи кезекте корголгон статьялар ( эмгек акы, соцфонд, коммуналдык чыгымдар) каржылансын.
9. 2018-жылдын бюджетинин аткарылышын талкуулоодо 2020-жылдын бюджетин талкуулап бекитүүдө айтылган сын сунуштардан мүмкүнчүлүккө жараша тыянак чыгарып, өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковго, башкы бухгалтер К.Ибраимовго милдеттендирилсин.
Төрага: | М. Мусаев. |