Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги II cессиясы
2020-жылдын 17-февралы № II-2
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата 2019-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сартоо жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата 914 294,67 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковдун, ФЭБ башчысы К.Ибраимовдун, ИСКАКБ “Катаган таза суу” башчысы А.Тыйтаңовдун, Таш-Дөбө орто мектебинин директору Ж.Исаеваныны кайрылуусун угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алуу менен Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 914 294,67 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
· Жайыт жерлерин пайдалануу төлөмүнө 32 630 сом;
· Электр чубалгаларын тартуу үчүн ЖБ. столбаларды алууга 325 000;
· Хоккейный (муз аянтчасын курууга) 322 664,67 сом;
· Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эстелик курууга 200 000;
· ИСКАКБ “Катаган таза суу” мекемесинин ГФРЭ ге бересе болгон кредиттик суммасын жабуу үчүн 34 000 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковдон суралсын.
Төрага: | Мусаев.М. |