Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-14
“Балапан” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрь №435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун айыл аймактагы Таштак айылындагы жана Бостон айылындагы бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачуу боюнча кайрылуусун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Бостон айылындагы “Балапан” балдар бакчасына кошумча 4 тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Кошумча тайпага тиешелүу болгон штаттык сан бирдигин бекитип берүү жана кызматкерлердин айлык маянасын мыйзам чегинде чечип берүү жагы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелуу бала бакчанын жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |