Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XX сессиясы
2023-жылдын 3-марты № 131
Улахол ЖПБнин төрагасы Т.Абыкановдун 2023-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Улахол ЖПБнин төрагасы Т.Абыкановдун 2023-жылга иш планын бекитүү жөнүндө билдирүүсүн жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол ЖПБнин 2023-жылга иш планыны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Улахол ЖПБнин 2023-жылга иш планынында көрсөтүлгөн иштерди толук жана кынтыксыз аткаруу жагы ЖПБнин төрагасына жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-мартындагы №131 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Жолалиев |