Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XX сессиясы
2023-жылдын 3-марты № 132
Кара-Талаа айылындагы ҮДТнун жерин 2ге бөлүү жөнүндө
Кара-Талаа айылындагы ҮДТнун жерин 2ге бөлүү жөнүндө М.Бейшеев билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Талаа айылындагы ҮДТнун жерин 2ге бөлүнсүн.
2. Кара-Талаа айылындагы ҮДТнун жерин 2ге бөлүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-мартындагы №132 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Жолалиев |