Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз III cессиясы
2020-жылдын 10-июну № III-1
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык инспекторунун ыйгарым укуктарын өкүлдөө келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын бекитүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндөгү” № 145 токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3-пунктарын жетекчиликке алып Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык инспекторунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык кызматынын Жумгал райондук Салык инспекциясы менен Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковго тапшырылсын.
Төрага: | М.Мусаев |