Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-15
“Жобону өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мыкты мугалими” ардактуу наамы жана төш белгисин берүү жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизилсин (№1 тиркеме Жобо).
2. Бекитилген жобо менен иш алып баруу жагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин 17-май №20 токтому менен бекитилди |
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мыкты мугалим” ардактуу наамын жана төш белгисин тапшыруунун
ЖОБОСУ:
Жалпы жобо:
1. “Мыкты мугалим” ардактуу наамы жана төш белгиси Кызыл-Туу айыл өкмөтүн аймагындагы билим берүү мекемелеринде билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдердин кесиптик, социалдык-экономикалык жана моралдык жактан колдоого багытталат.
2. Сыйлыкты тапшыруунун максаттары :
2.1. Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү;
2.2. Педагогикалык ишмердүүлүгүнө чыгармачылык менен мамиле жасаган, алдынкы көрсөткүчтөргө ээ болгон мугалимдерди табуу жана аларга дем берүү;
2.3. Мугалимдердин кесиптик кадыр-баркын көтөрүү менен коомдук ан-сезимде анын позитивдүү маанйынын калыптануусуна таасир этүү;
2.4. Билим берүү системасында мугалимдерге моралдык, социалдык жана материалдык колдоолорду көрсөтүү аркылуу чыгармачылык дем берүү;
3. Сыйлык кайсы даталуу күндөрдө берилет?
3.1 Билим берүү кызматкерлеринин күнүндө; (5-октябрь)
4. Сыйлыкты кимдер ала алат?
4.1 Педагогикалык эмгек стажы 15 жылдан кем болбогондор;
4.2 Окуткан окуучусу олимпияданын жеңүүчүсү болушу; (райондо, областта, республикада)
4.3 Жыл мугалиминин жеңүүчүсү болуусу; (зонада, райондук, областта)
4.4 Эл аралык же республикалык долбоорлор менен иштеп, билим берүү мекемесине акча каражатын алып келүүсү;
4.5 Мектептин, райондук билим берүү бөлүмүнүн , билим берүү уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланса;
4.6 Окуу-тарбия процессинде алдынкы жаңы методдорду жана иновациялык педагогикалык ыкмаларды, мастер-класстарды практикада колдонуусу жана кесиптештери арасында жайылтуусу;
4.7 Акыркы үч жылда квалификацияны жогорулатуу курсуна катышуу;
4.8 Окуучусу жалпы республикалык тесттен жогорку балл алуусу;
4.9 Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мыкты мугалим” ардактуу наамынын ээси; күбөлүк, төш белги жана жергиликтүү кеңештин чечиминде каралган тиешелүү өлчөмдө (жүз эсептик көрсөткүч) акча каражаты менен сыйланат;
5. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мыкты мугалим” ардактуу наамы жана төш белгисин алуу үчүн керектүү документтер:
5.1 Эмгек китепченин көчүрмөсү;
5.2 Паспорттун көчүрмөсү;
5.3 Жамааттык профсоюз уюмунун чогулушунун протоколу;
5.4 Эгерде, окуучусу олимпиаданын жеңүүчүсү болсо, тастыктоочу грамотанын көчүрмөсү;
5.5 “Жыл мугалими” конкурсунун жеңүүчүсү экендигин тастыктоочу грамоталары;
5.6 Алдыңкы иш тажрыйбасынын жайылтылышы боюнча тастыктоочу иш кагаздарынын көчүрмөсү;
5.7 Акыркы үч жылда квалификациясын жогорулатуу боюнча алган сертификаттарынын көчүрмөлөрү;
5.8 3*4 (сүрөт) өлчөмүндөгү сүрөт;
5.9 Резюме;
5.10 Сыйлык алуучу мугалимдин өмүр баяны.
6. Кандай каталарды кетирбеш керек?
6.1 Профсоюз уюмунун жетекчисинин сунушу жок, комиссиянын отурумуна 2 ай мурда тапшыруу мөөнөтүн бузган, сыйлыкка көрсөтүлгөн материалдар комиссиянын кароосуна коюлбайт;
6.2 Комиссия зарыл болгон учурда тиешелүү билим берүү мекемелеринен көрсөтүлгөн талапкер жана кошумча маалыматты суроо укугуна ээ;
6.3 Келип түшкөн сыйлоо материалдарды комиссия белгиленген тартипте карап, протокол менен бекитет;
6.4 Комиссиясын корутундусу жергиликтүү кеңешинин чечими менен бекитилет;
6.5 Жеке адамдын юбилейине карата ведомостволук сыйлыктар менен сыйлоо жүргүзүлбөйт;
6.6 Пенсия курагындагы мугалимдер катыша албайт;
6.7 Учурда мекеменин директору болуп иштеп жаткан жетекчилер катыша албайт;
7. Корутунду
7.1 Ушул Жободо көрсөтүлгөн критерийлердин басымдуу бөлүгүнө ээ болгон мугалимдер Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “ Мыкты мугалим” ардактуу наамы жана төш белгиси менен сыйланат.
7.2 Төш белги алуучу мугалимдин резюмеси Жергиликтүү Кенештин сессиясында каралып, бекитилет.
7.3 Комиссиянын корутундусу жергиликтүү Кенештин сессиясында бекитилет.
8. Баллдык шкала
8.1 Стаж: 1 балл (15 жылдан жогору)
8.2 Олимпиада:
а) Райондук тур - 0.5 балл
б) Областык тур - 1.5 балл
в) Республикалык тур - 2 балл
8.3 Жыл мугалими:
а) Райондук этапта - 0.5 балл
б) Областык этапта - 1 балл
в) Республикалык этапта - 1.5 балл
8.4 Долбоорго: 1 балл
8.5 Алган сыйлыктары ( грамота) - 1 балл
8.6 Иш тажырыйба: 1 балл
8.7 Квалификацияны жогорулатуу: 1 балл
8.8 ОРТ (предметтик тест 90 балл жогору болсо) - 1.5 балл