Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз IV cессиясы
2020-жылдын 11-августу № IV -1
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы кезектүү II сессиясында № II-2 токтому менен бекитилген 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. 2020-жылдын 17-февралындагы кезектүү II сессиясында № II-2 токтомунун төртүнчү пунктундагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына эстелик курууга бөлүнгөн 200 000 миң сом акча каражаты жокко чыгарылсын жана төмөнкү ошол эле багыттагы имарат жана курулмалар 3111 статьясына пайдаланууга жумшалсын:
а). ИСКАКБ “Катаган таза суусунун” башынан чыккан булак башын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 200,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковго тапшырылсын.
Төрага: | Мусаев М. |