Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 15-апрелиндеги № 12
Алтын-Арашан айыл аймагыны Схематикалык картасын
бекитип берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде администрадивдик-аймактык рефома жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Көл облусу ак-суу районунун Алтын-Арашан айыл аймагынын , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолборлоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Алтын-Арашан айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Алтын-Арашан жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тикелген ара баяндамасына 2024-жылдын 15-апрелиндеги №8 “Алтын-Арашан айыл аймагына Схематикалык картасын бекитип берүү жөнүндө” токтомун эске алуу менен макулдук берет
2.Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулетовго Схематикалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсүн Ак-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдө жагын өзүмө калтырам
Төрага Т.Т. Иманалиев