Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-16
““Бахрейн-2 социалдык айылында жана “Үмүт” социалдык шаарчасындагы жашоо мөөнөтү, эрежелери,
мүлктөрдү тизмектештирүү” жөнүндө”
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Регламентинине ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мундуз айылынын Орто-Сай участкасындагы “Үмүт” социалдык шаарчасынын жана Ак-Баш айылындагы “Бахрейн-2” социалдык айылынын жашоочулары атайын кабыл алынган эрежелердин негизинде 1-тиркемеге ылайык социалдык конуштарда жашашат.
2. Социалдык конуштардын мүлктөрүн тизмектештирүү үчүн атайын комиссия иш жүргүзсүн жана бул жумуштар Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. Тизмектештирүүнүн негизинде мүлктөр Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |
1-тиркеме |
“Үмүт” социалдык шаарчасында жана “Бахрейн-2” социалдык айылынын жашоочулары жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүн балансында турган, муниципалдык социалдык үйлөргө социалдык жактан колдоого муктаж, жашоонун оор кырдалына кабылган үй бүлөлөр жана жеке адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп табылган 18 жаштан ашкан жаранга оорусунун натыйжасында, травманын же дефекттердин кесепетинен пайда болгон органдардын жана системалардын функцияларынын туруктуу бузулушу менен шартталган тиричилик аракетинин чектелүү даражасына жараша жарандар, жашы жете элек 2 жана андан көп балдары бар жесир аялдар акысыз турдө киргизилет.
Ак-Баш айылындагы “Бахрейн2” социалдык айылына негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана майып балдары бар үйү жок үй бүлөлөр кабыл алынат.
Орто-Сай участкасындагы “Үмүт” социалдык шаарчасына жашы жете элек 2 жана андан көп балдары бар жесир аялдар кабыл алынат.
ЭРЕЖЕГЕ НЕГИЗ
Бардык тургундардын социалдык конуш жашоосунун коопсуздугу жана ыңгайлыгы, ички тартип эрежелерин иштеп чыгуунун негизи болуп саналат.
КОНУШТУН МҮЛКҮ
Социалдык конушка жайлашуу, өзү менен бирге конуштун мүлкүн сактоо боюнча милдеттенмелерди кабыл алууну алып келет. Төмөндө көрсөтүлгөн эрежелерди бузган, конуштун мүлкүнө билип туруп же кокустан зыян келтирген жашоочуларга бардык келтирилген зыяндар үчүн айып салынат.
Конуштун үйлөрундө жашоо эрежелери:
Кызыл-Туу айыл өкмөтү жана атайын түзүлгөн комиссия
укуктары бар:
БЕЙПИЛ СААТТАР
Кечки саат 22:00дон, таңкы 07:00ге чейин конуштун тургундары тынчтыкты сактоого милдеттүү.
КОНУШТАРГА КОНОКТОРДУН КИРҮҮСҮ
Конуштун тургундарынын коноктору конушта узак мөөнөткө кала албайт жана конуштун тургуну узак мөөнөткө башка туугандарына таштап кете албайт.
Жаныбарлар
Конуштарда жаныбарларды багууга уруксат берилбейт. (мал жандыктары)
КООПСУЗДУК
Өрт коопсуздук эрежелерине ылайык үйлөрдөн чыгып жатканда электр энергияларын өчүрүп чыгуу зарыл. Үйлөрдөгу электр системаларына такай көзөмөл жасоо.