Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын V чакырылышынын Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн комиссияны

2021-жылдын 17-майы № I

Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 протоколун бекитүү жөнүндө

Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесинин 4,5,6,7-пункутарына ылайык, Сүйүмбаев айылдык кеңешинин регламентине жана депутаттардын V чакырылышынын Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 протоколунун негизинде, депутаттардын Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 17-майындагы № 1 протоколу бекитилсин.

 

2. Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон депутат Токтобек уулу Туратбек, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп табылсын.

 

3.  Бул токтом Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

Төрагалык кылуучу:

Г.К.Жумагулова