Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 26
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жерлерди бир категориядан башкасына же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жана 2014-жылдын 19-марты № 169 токтомун жетекчиликке алуу менен Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өмөтүнүн сунушунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 7,05 га жери трансформациялансын
2. Тиешелүү документерин тактоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |