Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 14-сессиясы

 

2023-жылдын 24-январы № 02

Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну Азимкул Чайкөзовдун кайрылуусу жөнүндө

Жеңиш айылынын тургуну Азимкул Чайкөзовдун Сырт өрөөнүндөгү “Бөрү көрбөс” учасогундагы “Көк Булак” жайытындагы эски купканын ордун,  мал багуу үчүн үй-сарай салууга макулдук берүү үчүн жазган кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 14 сессиясы токтом кылат:

1.              Азимкул Чайкөзовдун Сырт өрөөнүндөгү “Бөрү көрбөс” учасогундагы “Көк Булак” жайытындагы эски купканын ордуна мал багуу үчүн үй жана сарай салууга макулдук берилсин.

2.              Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Т.Д. Кызалаков