ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз II cессиясы
2021-жылдын 10-июну № II-1
Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын дайындоо жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, депутаттардын Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон жаран Мойноков Алтынбек Каныбекович Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жиберилсин.
Төрага | Т.Токтобек уулу. |