Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-июну № 303
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаарынын ЖЭБи жана "Бишкекжылуулуктармагы" филиалдарынын мүлктүк комплекстерин Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаарынын ЖЭБи жана "Бишкекжылуулуктармагы" филиалдарынын мүлктүк комплекстерин (мындан ары - мүлктүк комплекстер) андан ары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун карыздык милдеттенмелерин жоюунун эсебине белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун бюджеттик кредиттери боюнча карыздарын жоюунун эсебине баланстык наркы боюнча мүлктүк комплекстерди кабыл алсын;
2) "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун бюджеттик кредиттери боюнча карыздарын кабыл алынуучу мүлктүк комплекстердин баланстык наркынын суммасына азайтсын;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстерди мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстерди мамлекеттик менчикке кабыл алуу жол-жоболору аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте аларды Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин;
5) кабыл алынган мүлктүк комплекстердин базасында түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясына караштуу ыйгарым укуктуу органдардын 2028-жылга чейин калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында пайда болгон чыгымдарын жабууга субсидияларды берүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертти берүүнү камсыз кылсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жылуулук менен камсыздоо боюнча ишинен келип чыгуучу бардык укуктарды, ошондой эле штаттарды, каржылоону жана керектөөчүлөрдүн жана кредиторлордун алдындагы милдеттенмелерди өткөрүп берүү актысына ылайык муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүндө Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплексинин ишин уюштуруу үчүн мекемени түзүү, анын жетекчисине мэрдин орун басарынын статусун берүү;
3) муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүчү мүлктүк комплекстердин сакталышын жана максаттуу иштешин камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
4) кабыл алынуучу мүлктүк комплекстердин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын алдында тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарды түзүү боюнча чараларды көрүү;
5) 2028-жылдан тартып республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферттин өлчөмүн азайтуу максатында жылуулук менен камсыздоо объекттеринин чыгымдарын, биринчи кезекте калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыгуучу чыгымдарды жабууну жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз кылуу;
6) өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстерди өткөрүп берүү учурунда болгон милдеттенмелерди тиешелүү түрдө аткарууну, анын ичинде бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды төлөөнү камсыз кылуу.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кабыл алынуучу мүлктүк комплекстерди кайра каттоого жана кабыл алынуучу мүлктүк комплекстердин базасында түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясына караштуу ыйгарым укуктуу органдарды каттоого көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти кабыл алынуучу мүлктүк комплекстердин базасында түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясына караштуу ыйгарым укуктуу органдарды уюштуруунун жыйынтыктары боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына караштуу ыйгарым укуктуу органдарга зарыл болгон лицензияларды берсин;
2) Бишкек шаарынын мэриясына караштуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан колдонулуучу электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгилесин.
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |