Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 17-майы №20-17
“Мамлекеттик фондунун
жерлеринин ижара акысы ” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобонун негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайракы айдоо жана чөп орок жерлердин ижарага берүү өлчөмү жөнүндөгү кайрылуу катын негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги кайракы айдоо жана чөп орок жерлеринин ижарага берилүүчү жер аянттары бир кожолукка 3 га өлчөмүнөн ашпасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |