Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 14-сессиясы

 

2023-жылдын 24-январы № 05

 Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылынын тургуну Н.Абдылдаевдин кайрылуусу жөнүндө

Ак-Терек айылынын тургуну  Нурзат Абдылдаевдин  Сырт өрөөнүндө  мал багуу үчүн үй-сарай салууга макулдук берүү үчүн жазган кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 14 сессиясы токтом кылат:

1.              Нурзат Абдылдаевге Сырт өрөөнүнө  жеңил конструкция менен мал багуу үчүн малчы үйүн жана мал сарай салууга макулдук берилсин.

2.              Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Т.Д. Кызалаков