ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы
2023-жылдын 8-февралы № 10
Жер тилкесин трансформациялоо боюнча сунуш киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине ылайык “Максимус ЛТД” ЖЧКсынын кайрылуусун карап,талкуулап чыгыпЖаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 15 сессиясы токтом кылат:
Чоң-Жаргылчак суусунун чыгыш жээгине чакан ГЭС куруу үчүн, анын ичинде;
- суу электр чордонунун имаратын куруу үчүн № 3761 контурдан 0.10га, № 3759 контурдан 0.30га, № 3758 контурдан 0.30га, № 3757 контурдан 0.10га, ; №3762 контурдан 0.30га баардыгы 1.10га жери;
- башкы гидротехникалык курулмаларды куруу үчүн № 3809 контурдан 1.35га, № 3815 контурдан 0.50га баардыгы 1.85га жери;
- башкы гидротехникалык курулмалар менен суу электр чордонун бириктирип туруучу суу түтүкчөлөрүн жаткыруу үчүн № 3797 контурдан 0.20га, № 3756 контурдан 0.50га,№ 3804 контурдан 0.15га, № 3805контурдан 0.20га баардыгы 1.05га,
Жалпы 4.0га жер тилкеси,
1. Айыл чарба багытындагы жайыт жерлери жана талаа жолдору багытынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбаев Алгабас Токторбековичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |