Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-июну № 2139-VII
“2024-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору), Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Туруктуу жана жашоого туруктуу ландшафттар үчүн глобалдык өнөктөштүктүн Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Корея жана Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун Бирдиктүү донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2024-жылдын 20-майындагы чыг. № 14-4266) “2024-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору), Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Туруктуу жана жашоого туруктуу ландшафттар үчүн глобалдык өнөктөштүктүн Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Корея жана Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун Бирдиктүү донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздѳрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Дж.К. Исаева |