АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 15-апрелиндеги № 22
Жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш Алтын-Арашан айыл аймагынын Жолколот айылынын тургуну Бекташов Мирлан Жакшылыкович №289, №277 контурунда жайгашкан Жолколот коктусундагы баздын тегерегинен 2 га жайыт жерди көп жылдык мөөнөткө берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1. Жолколот айылынын тургуну Бекташов Мирлан Жакшылыковичке №289, №277 контурунда жайгашкан 2,0 га жер тилкесин багытын өзгөртүүгө макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.
Төрага Т.Т.Иманалиев