Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 15-апрелиндеги № 23
Жер тилкесин багытын өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш Алтын-Арашан айыл аймагынын Жолколот айылынын тургуну Сулайманов Жолдош Качкынбаевич № 273 контурундагы 0,50га жер тилкесин өздөштүрүүгө жана жашылдандырууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагынын Жолколот айылынын тургуну Сулайманова Жолдош Качкынбаевичке №273 контурундагы 0,50 га жер тилкесин 0,40га жер тилкесин ошол эле категориядагы көп жылдык мөмө жемиш жерлер түрүнө жана калган 0,10га жер тилкесин ошол эле категориядагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө которуга макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына багытын өзгөртүүгө иш кагаздарын толуктап берүү айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашыровго жүктөлсүн.
Төрага Т.Т. Иманалиев