Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 8-февралы № 19
Кумтөр ишканасынан Жеңиш суу каналынын курулушуна келип түшкөн акча каражаты жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылындагы Жеңиш суу каналынын оңдоо иштерине акча каражатын кароо максатында, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 15 сессиясы токтом кылат:
1. Кумтөр ишканасынан келип түшкөн 1 278 117 сом акча каражатын аппарат разделинин атайын каражаттар бет эсебинин 14411100 (текушая помощь) беренесине отургузуп берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
2. Кумтөр ишканасынан келип түшкөн 1 278 117 сом акча каражаты Жениш суу каналынын оңдоо иштерине пайдаланылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Ишебаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |