Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 13-июну № 98
2024-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн гана) жана дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин (Сауд Аравия Королдугунун жарандары үчүн гана) кыска мөөнөттүү болуу үчүн визалык талаптардан оз ара бошотуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2024-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн гана) жана дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин (Сауд Аравия Королдугунун жарандары үчүн гана) кыска мөөнөттүү болуу үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө сауд тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |