Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-апрели № 7

 

Суугат сууну уурдап суугарган жарандарга айып пулдарды

салуу жөнүндө

 

Күмүштак айыл аймагындагы суугат сууну уурдап суугарган жарандарга айып пулдарды салуу жөнүндөгү депутаттардын сунуштарын угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын III сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин негизинде протокол түзүү боюнча ыйгарым укуктуу Күмүштак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынан турган жана айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык ишкананын кызматкерлеринен турган жумушчу топ комиссиясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 250-беренесинин 1, 2 пунктунуна ылайык (Суу бөлүштүрүү эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузган жарандарга) акты түзүлүп айып пулдар салынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.