Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 22-апрели № 5
Боо-Терек айылындагы Кызыл-Бакыр жамаатынын көрүстөнүнө бара турган автоунаа жолун жана көпүрөсүн оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө.
Боо-Терек айылындагы Кызыл-Бакыр жамаатынын көрүстөнүнө бара турган автоунаа жолун жана көпүрөсүн оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн акча каражат бөлүп берүүжөнүндөгү сунуштарды угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн, мурунку Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинде көрсөтүлгөн мамлекеттик тейлөө бөлүмүндөгү административдик-аймактык реформанын компенсациясына каралган акча каржатынын 2215-статьясынан, Боо-Терек айылындагы Кызыл-Бакыр жамаатынын көрүстөнүнө бара турган автоунаа жолун жана көпүрөсүн оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн 161 460 (бир жүз алтымыш бир миң төрт жүз алтымыш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |