Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 14-июну № 99
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Абанын сапатынын индекси - булгоочу заттардын белгилүү бир жердеги концентрациясы жана аны менен байланышкан ден соолук үчүн тобокелдиктер, коомчулукка маалымат берүү жана мындай тобокелдиктерди төмөндөтүү чараларын көрүү үчүн пайдаланылат.";
2) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- абанын сапатынын индекси белгиленет жана коомчулукка маалымдоо жүргүзүлөт.";
3) 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Атмосфералык абадагы булгоочу заттардын концентрациясы жана аны менен байланышкан ден соолук үчүн тобокелдиктер абанын сапатынын индексин аныктайт.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |