ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясы
2024– жылдын 18-январы № 1
Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн
иш-планын бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Таалайбек кызынын 15.01.2024-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап, Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
Иш-план тиркелет.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага |
| М.Акназаров |
БЕКИТЕМ
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы_______________ М.Акназаров 18-январь 2024-жыл
Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн
ИШ-ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | 1. Жылалды айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө. 2. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө. 3. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө. | 1-квартал | Туруктуу комиссия
Айыл өкмөтүнүн башчысы
ФЭБнүн башчысы Туруктуу комиссия |
2 | 1. Билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчасынын 2023-2024-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө. 2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө. 3. Салыктардын аткарылышы КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө. | 2-квартал | Соц. адис Туруктуу комиссия
Айыл башчылар Туруктуу комиссия
Салыкчы,жер адис Туруктуу комиссия |
3 | 1. Айыл өкмотүнүн 6 ай ичинде аткарган иши жана 2024-жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндө.
2. Кыш мезгилине карата даярдыктар жөнүндө.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө. | 3-квартал | ФЭБнүн башчысы Туруктуу комиссия
Соц. адис Туруктуу комиссия Айыл башчылар Туруктуу комиссия |
4 | 1. Аймактык тескөөчүлөрдүн 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.
2. СВА, ФАПтар, почта бөлүмүнүн, маданият үйүнүн жана айылдык китепкананын 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.
3. Жылалды жайыт комитетинин 2024-жылда аткарган иштери жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө. | 4-квартал | Аймактык тескөөчүлөр Туруктуу комиссия Соц.адис Туруктуу комиссия
Соц.адис Туруктуу комиссия
|
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Таалайбек кызы