Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (V чакырылыш)

2021-жылдын 28-сентябры №8

Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесине жана Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдагы иш-планына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-сентябрындагы №3 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:

 

 

 

1.Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.Ош шаарынын мэриясына (А. Мамбетов): жергиликтүү бюджетке түшүүчү салык жана салык эмес кирешелердин толук көлөмдө түшүүсүн көзөмөлдөө менен 2021-жылга бекитилген план-тапшырмалардын толук аткарылышын камсыз кылуу;

-токтоп турган жергиликтүү өнөр-жай ишканалардын ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча тиешелүү жумуштарды жүргүзүү;

-Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жана «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын 2021-жыл ичинде аткарылуучу титулдук баракчаларында бекитилген милдеттемелерди өз убагында сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөө;

-Ош шаарында 2021-2022-жылдарда күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү;

-калкты таза суу менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө;

-муниципалдык обьектерди эффективдүү башкаруу жана муниципалдык обьектерден жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелердин резервдерин табуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

-мемеме-ишканалардын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды колго алуу;

-милдеттери кайталанган муниципалдык мекемелердин ишмердүүлүгүн иликтеп, алардын ишин оптимизациялоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү;

-шаардагы мыйзамсыз курулуштарды мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык иретке келтирүү;

-коомдук маршруттук каттамдардын тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттерди камсыз кылуу;

-Ош шаарындагы жалпы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо;

-жылдын жыйынтыгы менен аталган токтомдун аткарылышы боюнча Ош шаардык кеңешине маалымат берүү милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) тапшырылсын.

 

Ош шаардык

кеңешинин төрагасы

 

С.Назылбеков