Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (V чакырылыш)

2021-жылдын 28-сентябры №10

Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 08-6/1230 2021-жылдын январь-июнь айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын жыйынтыгы менен кошумча келип түшкөн кирешелердин эсебинен 17 407,5 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-сентябрындагы отурумунун №4 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:

 

 

1.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-жылдын январь-июнь айында ашыкча аткарылышынын эсебинен иш-чараларга акча каражаттарын тиркемеге ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).

 

2.Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарды мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу жүктөлсүн.

 

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д. Абдуллаев) жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

кеңешинин төрагасы

 

С.Назылбеков

 

 

Ош шаардык кеңешинин

2021-жылдын 28-сентябрындагы

кезектеги III сессиясынын

№10 токтомуна тиркеме

 

-2 230,0 миң сом акча каражаты, «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасына, (шаардын ички көчөлөрүн оңдоо, жол белгилерин техникалык тейлөө, оңдоо жана орнотуу иштерине);

-2 500,0 миң сом акча каражаты, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына, (шаарда майрам күндөрүн жасалгалоо иштерин жүргүзүүгө);

-600,0 миң сом акча каражаты, Ош шаардык маданият башкармалыгына, (маданий массалык иш-чараларды өткөрүүгө) жана 600,0 миң сом акча каражаты, (концерттик залынын чатырын оңдоого);

-300,0 миң сом акча каражаты, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетине, (пландаштырылган иш-чараларын өткөрүүгө);

-4000,0 миң сом акча каражаты, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасы аркылуу, (Ош шаарынын мэриясынын атайын санарип маалымат сактоочу жана талдоочу сервер жабдыктарын сатып алуу үчүн);

-4000,0 миң сом акча каражаты, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасы аркылуу, (жергиликтүү бюджеттен инфраструктуралык жана башка приоритеттүү долбоорлорду кошумча каржылоого);

-340,0 миң сом акча каражаты муниципалдык жана тейлөөчү кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүүгө каралган акча каражатынын жетпей калган суммасын каржылоо үчүн;

-623,5 миң сом акча каражаты муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын муниципалдык кызматкерлеринин кызмат маянасына айына 20 пайыздан кошумча төлөөгө каралган акча каражатынын жетпей калган суммасын каржылоо үчүн;

-444,0 миң сом акча каражаты, Ош шаарынын мэриясына, (Ош шаарында диспансердик каттоодо турган 49 “ВИЧ-СПИД” оорусу менен жабыркаган жаш балдарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын 1000 сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүүгө каралган акча каражатынын жетпей калган суммасын каржылоо үчүн).

 

Ош шаардык

кеңешинин

аппарат жетекчиси

 

 

К.Камчиев