Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы (V чакырылыш)

2021-жылдын 28-сентябры №12

Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы «Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө» №230 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 7-сентябрындагы «Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө» №230 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган № 08-6/1190 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-сентябрындагы №4 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. “Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы «Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө» №230 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-токтомдун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү “Ош шаарынын мэриясынын ипотекалык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу органы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-аталган токтом менен бекитилген “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган турак жайларды мындан ары ипотекалык кредиттөө шартында бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 2.8., “Ипотекалык кредиттөө шартында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө” Жобонун 2.6. пункттары “Комиссиянын курамы Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет” деген редакцияда окулсун;

-аталган токтом менен бекитилген “Ипотекалык кредиттөө шартында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө” Жобонун 2.3. пунктунун 3-абзацы “Ош шаарынын мэриясынын ипотекалык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу органынын директору-төраганын орун басары” деген редакцияда окулсун.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Зайнидинов) жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

кеңешинин төрагасы

 

С.Назылбеков