Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-декабры, № 73
Баткен шаарынын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюжетинин кээ бир бөлүгүнө өгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө № 123 Мыйзамынын 34-берененин 2-пунктуна жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, финансы, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2022-жылга бкитилген бюджетинин 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 8 560 000 сом кыскартылып, 2211 “Кызматтык сапарлар” беренесине 60 000 сом, 2215 “Баша тейлөөлөр” беренесине1 500 000 сом, 3314 “ички карыз алуу жана тындыруу” беренесине 7 000 000 сом, баары болуп 8 560 000 сом кошулуп берилсин.
2. Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Баткен автобаза” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга бекитилген 2111 “Эмгек акы” беренесинен 110 000 сом кыскартылып, 2121 “Социалдык төлөмдөр” беренесине 110 000 сом кошулуп берилсин.
3. Баткен окуяларына байланыштуу, шаар мэриясынын 2022-жылдагы киреше эсебине республикалык бюджеттен түшүрүлгөн каражат төмөнкү беренелерге чегерилип берилсин: 2214 “транспорттук кызматкөрсөтүүлөр”беренесинен 800000 сом, 2215 “дагыбашкакызматкөрсөтүүлөрдү алуу” беренесинен 700000 сом, 2217 “медикаметтерди алуу” беренесинен 300000сомкыскартып, 2218 “тамак-аш азыктарын алуу” беренесине1800,0 миң сомду кошулуп берилсин.
4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мадымаров/ жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Аширов |