Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-декабры, № 74
Баткен шаар мэриясына акысыз жана кайтарымсыз шартта автоунаа өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө № 123 Мыйзамынын 29-берененин 2-пунктуна, Баткен шаар мэриясынын 2022-жылдын 23-декабрдагы №01-12/2555 катына, жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаар мэриясына КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн карамагындагы “Вольксваген-Транспортер” үлгүсүндүгү 8 орундуу автоунаа акысыз жана кайтарымсыз баланстан –баланска өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Автоунаны баланстан-баланска өткөрүп алуу иштерин жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтом шаар калкына, шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарына /У.Гаипов/ жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Аширов |