Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-декабры, № 75
Баткен шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 4-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 26-декабрдагы бюджет, экономика, инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Баткен шаарынын аймагында мүлккө салык ишке киргизилсин.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыкты администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн
3. Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын №2-3/36 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мадымаров/ жана шаар мэринин 1-вице мэрине /А.Орозовго/ жүктөлсүн
Төрага |
| А.Аширов |