Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 13-июну № 97
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Спорттук ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар болгондо, спорттук ок атуучу сайлуу куралдын патрондорун дүрмөттөө расмий каттоодон өткөн спорттук уюмдардын мүчөлөрү тарабынан алардын жеке пайдалануусу үчүн даярдалышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 8-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |