Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-декабры, № 76
“Баткен шаарынын таза суу системасын жана канализациясын реаблитациялоо” долбооруунун ЕӨРБ (ЕБРР) банкы менен түзүлгөн келишимге киргизилген бөлүктөрүн күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1 жана 5 пунктарына, Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 15-дкабрындагы №19-05/69 КР финансы министрлигинин ортосундагы кредиттик макулдашуу келишиминин1.2 пункутунун жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет, салык, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. “Баткен шаарынын таза суу системасын жана канализациясын реабилитациялоо” долбооруунун ЕӨРБ (ЕБРР) банкына, кредиттик төлөмдөр төлөнүп бүткөнгө чейин (14.05.2030) түзүлгөн №19-05/69 15.12.16 кередиттик–макулдашуу келишиминин 1.2.-пункутуна ылайык төмөнкү обьектилер күрөөгө коюулууга макулдук берилсин.
1) “Таза суу” муниципалдык мекемесинин имараты,
2) Мамлекеттик номери 03KG 362AC Лада НИВА маркасындагы автоунаасы,
3) Мамлекеттик номери 03KG 428 АС ISUZU маркасындагы атайын автоунаа (асенизатор)
4) Экскватор Хюндай автоунаасы,
5) Суу тешикчелерин издегич жана лабараториялык жабдыктар,
6) Суу түтүктөрүн жана каналиация системасын изилдөө жабдыктары
7) Гараж лабаратория
8) Чатыр-бастырма (навес) №1,2,3
9) Кароолкана
10) Тосмо айлантмасы
3. Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтом шаар калкына, шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу (Регламент, этика жана депутаттык мандат) маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Г.Артыкбаев/ тапшырылсын.
Төрага |
| А.Аширов |