Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-январы № 3
Электр көмөк чордонун орнотуу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 51-сессиясы Кара-Суу айылынын Абдыш уулу Табыш жана Б.Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун түндүк тарабындагы күн батыш жагына электр көмөк чордонун орнотуу үчүн мамлекеттик акт алуу сунушун карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын Абдыш уулу Табыш жана Б.Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун түндүк тарабындагы күн батыш жагынан 4м2 жер участогун электр чордонун орнотуу үчүн мамлекеттик акт алуу жагы каралсын.
2. Кара-Суу айылынын Абдыш уулу Табыш жана Б.Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун түндүк тарабындагы күн батыш жагынан 4м2 жер участогу «Түндүк Электро» Ачык акционердик коомунун Талас филиалына мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдалануу бекитилип берилсин.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткарууга жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Кабылов |