Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июну № 305
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Камсыздандыруу уюмдарынын персоналынын квалификациясын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жободо:
- 6, 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарынын стажына жана иш тажрыйбасына коюлуучу квалификациялык талаптар:
- жеке же коллегиалуу аткаруу органынын жетекчисинин ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык камсыздандыруу компанияларында, финансы-кредиттик мекемелерде же мамлекеттик кызматта үч жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчи кызматтарда эки жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
- коллегиалуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарында эки жылдан кем эмес иш стажы болууга же финансы-кредиттик мекемелерде же мамлекеттик кызматта үч жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
- башкы бухгалтердин камсыздандыруу иши чөйрөсүндө бухгалтер кызматында эки жылдан кем эмес же финансы-кредиттик мекемелерде бухгалтер кызматында үч жылдан кем-эмес, же башкы бухгалтер кызматында беш жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
- ички аудитордун камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун же финансы-кредиттик мекемелердин же болбосо мамлекеттик мекеменин башкы бухгалтери, ички аудитору кызматында эки жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
- ушул пункт менен аныкталган эмгек стажына финансылык уюмдун бөлүмдөрүндөгү анын коопсуздугун камсыз кылуу, администрациялык-чарбалык ишти жүзөгө ашыруу, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү менен байланышкан иш (маалыматтык технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчисин кошпогондо) кирбейт;
- мамлекет жайгаштырылган акциялардын элүү пайызынан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органынын жетекчиси жана аткаруу органынын жетекчисинин орун басары кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу (сунуштамасы) боюнча талапкерге ушул пунктта каралган стаж талап кылынбайт.
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамы болуп төмөнкүлөр шайлана (дайындала) албайт:
- жогорку билими жок;
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун чечими менен ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө же камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө тыюу салынган;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда мурда жетекчи кызматын ээлеген, ага карата Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ошол адамдын ишине түздөн-түз байланышкан негиздер боюнча камсыздандыруу уюмун башкаруу боюнча убактылуу администрация дайындоо жөнүндө чечими кабыл алынган. Көрсөтүлгөн талап тиешелүү чечим кабыл алынган датадан кийин беш жыл ичинде колдонулат;
- мурда жетекчи кызмат ордун ээлеген, мажбурлоо тартибинде банкрот болуп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкы бухгалтери жана ички аудитору болуп саналган жана анын иш-аракеттери (аракетсиздиги) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясын жокко чыгарууга алып келгендигин күбөлөндүрүүчү ырастоого ээ. Көрсөтүлгөн талап тиешелүү чечим кабыл алынган датадан кийин беш жыл ичинде колдонулат;
- ушул пунктта белгиленген эмгек стажы жок: эл аралык финансы уюмдарында;
жана (же) финансы рыногун жана финансылык уюмдарды жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө;
жана (же) финансы кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө; жана (же) финансылык уюмдарга аудит жүргүзүү боюнча; жана (же) финансылык уюмдарга аудит жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө;
жана (же) финансылык уюмдардын ишин автоматташтыруу үчүн пайдаланылуучу программалык камсыздоону иштеп чыгуу чөйрөсүндө;
жана (же) жогоруда саналган чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк юридикалык жактарда.";
4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1 Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) берилген макулдукту төмөнкү негиздер боюнча чакыртып алат:
- макулдук берүүгө негиз болгон анык эмес маалыматтарды табуу;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетекчи кызматкерге карата көзөмөлдүк чара көрүү (түз көзөмөлдү киргизүү, убактылуу администраторду киргизүү) чараларын көрүү;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттуулугу же жоюлбаган соттуулугу бар.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдукту чакыртып алуу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызматтык адамынын мурда берилген (берилген) макулдугун (макулдуктарын) чакыртып алуу үчүн негиз болуп саналат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдук чакыртып алынган учурда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму кызмат адамы менен эмгек келишимин бузууга же болбосо эмгек келишими жок учурда кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |