Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 2
Ак-Булак айылына ФАП куруу боюнча жер тилкесин берүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылынын тургундарынын жазган кайрылуусун карап, талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө Ак-Булак айылындагы Б.Камбаров орто мектебинин спорт аянтчасынын жанындагы 0,03га жер аянтчасы муниципиалдык менчикке алынып, инвестиция жана демөөрчү тарабынан ФАП курулсун.
2. Жер аянтын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер комитетине милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.Калимбетов |