Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-январы № 6
Кара-Суу айылдык аймагынын башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451 сандуу токтомун жетекчиликке алуу менен Талас районунун Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7- чакырылышынын кезектеги 51-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин 7-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 42 -сессиясы 2020-жылдын 30-январындагы №5 Кара-Суу айыл аймагынын башкаруу аппаратынын Штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн калктын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркеме ылайык бекитилсин.
3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Талас райондук каржы бөлүмү (Ж.М.Ниязалиев) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Жунушалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Р. Кабылов |
| Тиркеме №1 “Бекитемин” Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин төрагасы Р.Кабылов |
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана
ШТАТТЫК САНЫ
| Кара-Суу айыл өкмөтүнүн калкынын саны 3553 |
| |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Жооптуу катчы | 1 |
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Киреше боюнча башкы адис | 1 |
Жер турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис | 1 |
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Маалыматтык компьютердик технологиялар боюнча адис | 1 |
|
|
|
|
Эскертүү боюнча |
|
Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору | 1 |
|
|
Кенже тейлөөчү кызматкер: КТК | |
Кароолчу | 1 |
Тазалоочу | 1 |
|
|
жыйынтыгы: | 11 |
Жооптуу катчы |
| А.Жунушалиева |