КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-марты № 7
Кум карьерин ачуу жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Уметалиев Тимурландын Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кескенбел участкасынын үстү жагындагы жерден кум карьерин ачуу жөнүндөгү арызын карап чыгып жана талкуулап Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 52-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын тургуну Уметалиев Тимурландын арызы канаттандырылсын.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кескенбел участкасынын №1149 чөйрө сызыгынын үстү жагында жайгашкан аянты 0,10 га жерге кум карьерин ачууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Р. Кабылов |