КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-марты № 8
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын жана тартибин талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 52-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлериндеги 25,9 га сугат жана 324 га кайракы жерлерди аукциондун негизинде ижарага 5 жылдык мөөнөт менен берилсин.
2. Жердин шартына жараша аукционго коюлган 20,9 га жердин баштапкы баасы 1000 (бир миң) сом , 5,0 га жердин баштапкы баасы 3000 (үч миң) сомго чейин белгиленсин.
3. 324 га кайракы жерлердин баштапкы баасы 500 (беш жүз) сомдон бекитилсин (жер салыгы, соц.фонду ичинде).
4. Жарандардан түшкөн арыздарды кабыл алуу жана иш кагаздарды тариздөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Жунушалиевага милдеттендирилсин.
5. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижарага берүү боюнча келишим түзүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Кабылов |