Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 7
Көк-Булак участкасынан №83 контурдан 5га кайракы айдоо жер аянты жөнүндө
Көл айыл өкмөтүнүн жер адисинин маалыматын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасынан №83 контурдан 5га кайракы айдоо жер аянты мамлекеттик фонду жерине алынсын.
2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасынан №83 контурдан 5га кайракы айдоо жер аянты келишимдин негизинде ижарага алган жер аянттарынын келишимдери жокко чыгарылсын.
3.Мөөнөтсүз мамлекеттик акты жасоо” Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын башкармалыгынан суралсын.
4.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасынан №83 контурдан 5га кайракы айдоо жер аянты калктуу конуштар котегориясына которулсун.
5.АПШ жанаИТШ даярдоо жагы Сузак райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
6.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасынан №83 контурдан 5га кайракы айдоо жер аянты калктуу конуштар котегориясына которууда кагаз иштерин даярдоо жагы жер адис А.Орозалиевке милдеттендирилсин.
7.Буйрукту көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковко милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.Калимбетов |